Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:25

Сапар Исаков ЖЭБ боюнча суракка чакырылды


Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, атайын кызмат жиберген чакыруу кагаздын сүрөтүн жарыялады. Анда 26-апрелде саат 15:00дө күбө катары суракка келиши керектиги жазылган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов муну бышыктап, Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары чакырылганын айтты.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, тергеле баштаган.

Бүгүн экс-премьер-министрди Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "негизсиз жумуштан алды" деп сотко бергени да белгилүү болду. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG