Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

Тоңдо сырттан кайткан мигранттар үчүн лагерь уюштурулду

Кайтып келген мигранттар үчүн лагерь.
Кайтып келген мигранттар үчүн лагерь.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда чет өлкөдөн кайтып келген мигранттар үчүн лагерь уюштурулду. Иш-чара мекенине кайткан кишилердин социалдык жигердүүлүгүн, лидерлик сапатын өстүрүп, түрдүү багыттарда ийгиликке жетишине кам көрүү максатын көздөйт.  

23-апрелде башталган лагерь "Алмалуу" этнокомплексинде 27-апрелге чейин болот. Аны USAID уюмунун "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында Эл аралык миграция уюму өткөрүүдө. Ага 15 адам катышып жатат. Тренерлер - эл аралык уюмдар менен иштешип келаткан жергиликтүү адистер. (AsM)

XS
SM
MD
LG