Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:53

Жогорку Кеңеш Чили менен Сербияга виза режимин жоюну колдоду


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Чили жана Сербия мамлекеттери менен виза режимин режимин жоюу боюнча макулдашууну Жогорку Кеңеш 26-апрелде ратификациялады.

Келишим шарттарына ылайык, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт менен бул мамлекеттердин аймактарында 90 күн визасыз жүрө алат. Макулдашуу президент кол койгондон соң күчүнө кирет. Ушул сыяктуу жараян Чили менен Сербияда да өтүүүгө тийиш.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча азыр отузга жакын өлкө менен ушундай келишим бар.

Чили Түштүк Американын түштүк-батышында, Сербия түштүк-чыгыш Европада жайгашкан.

XS
SM
MD
LG