Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Өзбек киносун негиздегендердин бири Шухрат Аббасов дүйнөдөн кайтты


Шухрат Аббасов.
Шухрат Аббасов.

Өзбек кино индустриясын түптөгөндөрдүн бири катары таанымал, театрдын жана кинонун режиссеру Шухрат Аббасов Ташкентте 87 жаш курагында, 25-апрелде дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маркумдун туугандары кабарлашты.

Аббасов режиссерлук карьерасын "Өзбекфильм" студиясында 1959-жылы баштаган. 1960-1980-жылдардын аралыгында анын кинолору мурдагы СССРдин бүткүл аймагында белгилүү болгон. Анын фильмдеринин көбү азыр Орусия кино академиясынын алтын коруна киргизилген. (UE)

XS
SM
MD
LG