Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Бишкекте окуучу кыздардын мушташын милиция иликтеп жатат


Окуучу кыздардын мушташы. Интернетке тараган тасмадан алынды.
Окуучу кыздардын мушташы. Интернетке тараган тасмадан алынды.

Бишкектеги №78 мектеп-гимназияда окуган кыздардын мушташын Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы да окуя иликтенип жатканын маалымдады.

Ушул аптада интернетке окуучу кыздардын мушташы тартылган тасма тараган. Анда мектеп формасындагы кыздар жаңжалдашып, бир кызды чачтан алып, токмоктоп, тилдеп жатышканы тартылган. Алар №78 мектеп-гимназиянын окуучулары экени айтылган. Жаңжал көчөдө болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG