Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 13:16

Бишкекте окуу жайга бомба коюлганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты


Борбор Азиядагы Америка университетинин имараты.

Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине бомба коюлганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Телефондон кабар берген адам изделип жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Окуу жайдын иши кадимкидей уланууда.

Жардыргыч зат тууралуу милициянын 102 кызматына саат 13:37де маалымат түшкөн. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери адамдарды эвакуациялап, имарат курчоого алынган жана саперлор издөө иштерин жүргүзгөн.

Борбор Азиядагы Америка университетинде бир канча мамлекеттин жарандары билим алышат.

Буга чейин да бир канча ирет милицияга ушинтип телефон аркылуу түшкөн маалыматтар жалган экени аныкталган. Күч органдары мындай маалымат берген адам үч жылга чейин камаларын эскертишет.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо") ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылып же үч жылга чейин камалышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG