Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Сапар Исаков УКМКга сурак берип чыкты


Сапар Исаков суракка кирип чыккандан кийин.
Сапар Исаков суракка кирип чыккандан кийин.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Эки сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге "баары жайында" экенин, кийинчерээк кенен жооп берерин билдирди.

Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 26-апрелде суракка чакырылды. Ал ЖЭБге байланыштуу бардык маселе текшерилиши керек экенин айтты.

Исаков "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ага каршы көрсөтмө бергени тууралуу жарыяланган маалыматтарды төгүндөдү. Буга чейин айрым булактарда Калиев экс-премьерге каршы көрсөтмө бергенин жазышкан.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган.

Бүгүн экс-премьер-министрди Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "негизсиз жумуштан алды" деп сотко бергени да белгилүү болду. Исаков буга комментарий берүүдөн баш тартты. (SE\EBM)

Сапар Исаков сурак берип чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

XS
SM
MD
LG