Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Пашинян: премьерликке мен гана шайланышым керек


Никол Пашинян Еревандагы кечки митингде сүйлөөдө. 26-апрель, 2018-жыл.
Никол Пашинян Еревандагы кечки митингде сүйлөөдө. 26-апрель, 2018-жыл.

Армениядагы оппозициялык кыймылдын лидери Никол Пашинян бул тууралуу Еревандан, 26-апрелдин кечиндеги митингде айтты.

“Мен премьер-министрликке эл аркылуу, алардын талабы жана колдоосу менен шайланам же болбосо Армения Республикасынын премьер-министри такыр шайланбайт. Коррупцияланышкан жана элге каршы система менен эч кандай мунаса болбойт”, - деди Пашинян Республика аянтында чогулган жактоочуларына кайрылганда.

Ал өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Карен Карапетянды 27-апрелде түшкү убакка, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына чакырганын, сүйлөшүү медианын катышуусунда гана жүрүшү керек экенин кошумчалады.

Буга чейин армян парламентинин спикери Ара Баблоян Улуттук ассамблея жаңы премьерди шайлай турган сессияга 1-майда чогуларын билдирген.

Бийликтеги Республикалык партия узактан берки лидери, мурдагы президент Серж Саргсян премьер-министрдин кызматын тапшырууга аргасыз болуп, бир өнөктөшү коалициядан чыгып кеткенине карабай 58 мандаты менен 105 орундуу парламентте баары бир көпчүлүк бойдон калууда.

Тогуз мандаты бар "Елк" фракциясынын жана "Жарандык келишим" партиясынын лидери Пашинян парламентте премьер-министрликке шайланыш үчүн талап кылынган 53 добушту чогулта алаары азырынча белгисиз болуп турат.

Бул үчүн ал оппозициядагы депутаттардын баарынын жана Республикалык партиядан кеминде алты парламентарийдин колдоосун алышы керек.

Армениянын мурдагыдай эл эмес, парламент тарабынан шайланган президенти Армен Саркисян 26-апрелде, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде соңку саясий жараяндарга комментарий берип жатып, өлкөсү “жаңы Арменияга” айлануу жолунда, “чыныгы демократияны” өнүктүрүү багытында экенин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG