Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Ички дүң өндүрүмдүн өсүшү пландалгандан артка кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 2018-жылга карата ички дүң өндүрүмдүн өсүш көлөмү болжолдонгондой 3,7% болбой калды. Бул көрсөткүч быйыл болгону 2,8% өсөт деп эсептелди. Бул тууралуу финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев “Азаттыкка” билдирди:

- Экономика министрлиги экономиканын бул көрсөткүчүн кайрадан карап чыкты. Натыйжада ички дүң өндүрүмдүн өсүш темпи реалдуу 2,8% түшөт деп саналды. Бул маселени кайрадан өкмөттө карап чыктык. Эми бул маселени Жогорку Кеңешке алып чыгабыз, - д​еди Алмаз Бакетаев.

Бакетаев мунун себебин азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырат.

Маалым болгондой, былтыр ички дүң өндүрүмдүн өсүш көлөмү 3,6% түзгөн. Ал эми 2017-жылы инфляциянын деңгээли 4,3% түзсө, быйыл ал 5,7% сакталары күтүлүүдө.

Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген, ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG