Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Ибраимов: Азыр мени “отунчу” деп аташса, кийин "жаратман" деп аташат


Албек Ибраимов ишембилик учурунда.
Албек Ибраимов ишембилик учурунда.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов анын азыркы бак-дарактарды кыйып, кайра ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери келечекте чоң колдоого алынат. Бул тууралуу ал 26-апрель, кечинде “Апрель” телеканалынын түз эфиринде кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып айтты:

- Азыр мени “отунчу” деп жаткандар, мен кыйып, бирок ордуна отургузган дарактар келечекте гүлдөп бакка айланганда мени “жаратман” деп калышат. Кеминде үч жылдан кийин бул иштердин жыйынтыгын көрүп мени эл кайра баалап калат. Бул иштердин жемиши чоң болот. Биз бактарды жөн эле кыйган жокпуз, алардын көбү жараксыз болгону үчүн, дагы бир тобун жол куруш үчүн кыйып жатабыз. Жаңы курулган жол эртеңки күн үчүн керек, - деди Ибраимов.

Мэрдин айтымында, шаарда Бишкектин мэриясына караштуу 248 миң бак-дарак бар. Ал мунун 2,5 миңге жакыны быйыл кыйыларын белгиледи. Мунун ичинде 800ү картайганына байланыштуу пландуу түрдө, калганы жаңы жолдор курула турган жерде турганы үчүн кыйыларын айтты.

Ибраимов өзүнүн отчетун Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика - Ата Журт" фракциясы жактырбаганына комментарий берип жатып, аны кызматтан кетирүү аракеттери башталганын белгиледи.

Буга чейин жарандык активисттер Бишкектеги жашыл зона 2005-жылдан бери 100 гектарга азайганын, соңку үч жылдан бери 10 миңден ашуун бак кыйылганын айтып, мэрди сынга алган. Алар бул үчүн шаар жетекчисинин кызматтан кетишин да талап кылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG