Ош шаарындагы 12 кабаттуу үйдө өрт чыккан учурда бешинчи кабаттан секирген кыздын жакындары изделип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова “Азаттыкка” билдирди.
Алардын айтымында, 24-апрель түнкү кырсыктан жабыркап, ушул кезге чейин эсине келе элек кыздын тек-жайы аныктала элек. Ошол себептүү милиция жалпы коомчулуктан жогорудагы сүрөттөгү кызды таанып, билгендер болсо кайрылуусун өтүнөт.
Эгерде кыз боюнча маалымат билген жарандар болсо Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө (03222) 4-82-82, 102 номерлерине же 0550 50-60-00 номерине чалса болот.
Маалым болгондой, 24-апрелге караган түнү Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабат үйдө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен алты киши жабыркап, Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын экөөнүн абалы оор.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш бөлүмүнөн өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тартылган. Өрт эки сааттан кийин өчкөн. Кырсыктан кийин бешинчи кабаттагы эки батир коридору менен кошо күйүп кеткени маалым болду. (ErN)