Кыргызстанда мурда токтотулган же кыскартылган 2096 кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бүгүн парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматындагы, УКМКдагы, ИИМдеги бул иштердин сотко жетпей калышына эмне себеп болгону териштирилип жатат.
Маалыматка караганда, токтотулуп же кыскартылган кылмыш иштеринин арасында тоо-кен тармагындагы мыйзам бузуу учурлары, мамлекеттик органдардагы кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ишкердикке байланыштуу коррупциялык мазмундагы экономикалык жана кызматтык аракеттер бар.
Фракция төрагасы, депутат Алмамбет Шыкмаматов эки миңден ашык иштин мыйзамсыз токтотулушу боюнча кайсы кызмат адамдары жоопко тартылганын сурады. Дүйшөмбиев буга териштирүү толук аягына чыга элек экенин айтып, анын жыйынтыгы чыкса мыйзам бузууга жол берген тергөөчүлөр жана прокурорлор жоопко тартыларын белгиледи.
"Ата Мекен" фракциясы бүгүн 8-февралда Коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан айтылган коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүн талкуулап жатат.
Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "адилеттүүлүктү камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган. (KJ/NT)