Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Башкы прокуратура: башы ачылбаган маалымат көп


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тууралуу талабынын алкагында мурда токтотулган же кыскартылган кылмыш иштери жанданганын жарыялады.

Анда коррупциялык кылмыш иштеринин бирдиктүү базасы түзүлө турганы белгилүү болду. Бирок маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү мурда себепсиз токтотулган чуулгандуу кылмыш иштеринин учурдагы абалы тууралуу толук маалымат бере алышкан жок.

Кайрадан текшерилген кылмыш иштери

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мурда токтотулган же кыскартылган кылмыш иштери кайрадан текшерилип чыкты. Анда чуулгандуу коррупциялык кылмыш иштерин токтотууга негиз түзгөн тергөөчүлөрдүн токтомдорунун себептери аныкталып, изилденип жатканы белгиленди. Башкы прокуратура ички иштер органдарынан, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөш кызматынан суратылып алынган 1448 кылмыш иши текшерилип жатканын маалымдады. Алар мурда тергөөдөн токтотулган же кыскартылган коррупциялык багыттагы кылмыш иштери болуп саналат. Башкы прокуратуранын экономикалык жана кызматтык кылмыштуулук менен күрөш бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов чуулгандуу коррупциялык кылмыш иштеринин арасынан кайра жандандырылган айрымдарын тизмектеди:

Биз тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын азырынча айта албайбыз. Бирок бардык иштер азыр кайрадан жандандырылды.

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияга карата кылмыш иши. Чет өлкөлүк жарандарга жашоого укук берүүчү документтерди мыйзамсыз берүүгө байланыштуу кылмыш иштери. Мындан сырткары бир катар мамлекеттик кызматкерлерге карата кызматтык жана экономикалык кылмыш иштери бар. Биз тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын азырынча айта албайбыз. Бирок бардык иштер азыр кайрадан жандандырылды.

Абай Молдокматовдун айтымында, аталган кылмыш иштерин карап чыгуунун натыйжасында 221 көрсөтмө берилип, буга чейинки тергөөнү убактылуу токтотуу боюнча 224 токтом жана кылмыш иштерин токтотуу боюнча 19 токтом жокко чыгарылды.

Айрым журналисттер кезинде чуу жараткан "Кыргызмунайгаз" ишканасынын мурдагы жетекчиси, парламент депутаты Исхак Пирматов, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов, депутат Музаффар Исаков өңдүү саясатчыларга байланышкан кылмыш иштеринин азыркы жагдайына кызыгып, "оппозициялык саясатчыларга карата тандалма мамиле жасалып жатат" деген маселени көтөрүштү. Башкы прокуратуранын өкүлү Абай Молдокматов ал иштер тууралуу мындай дейт:

- Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ал сотко жиберилди. Ал иш азыр соттук кароодо турат. Ал эми мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши ага жарыяланган издөөгө байланыштуу токтотулган. Ал кармалса, анан ал кылмыш иши сотко жиберилет. Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго байланыштуу кылмыш иши боюнча азыр менин колумда маалыматтар жок экен.

Бишкек ЖЭБ: коррупция боюнча кылмыш иштери тактала элек

Мындан сырткары маалымат жыйынында журналисттер Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын чыныгы себептерин иликтөөнүн жыйынтыгына кызыгышты. Калкып чыккан коррупциялык фактыларга карата эмне себептен кылмыш иши козголбой жатканы боюнча суроолор берилди. Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дүйшөмбиев тиешелүү кызмат адамдарына коррупция боюнча кылмыш иштери козголгонун же козголо электигин так айтып бере албады:

- Бишкек ЖЭБнин айланасындагы кырдаал боюнча азыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарына бир топ маалыматтар чыгып жатат. "Шалаакылык" боюнча козголгон иштин артынан башка иштер да териштирилип жатат. Күнөөлүү адамдар жоопко тартылып жатышат. Башка кылмыштын белгилери табылса, ал өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, өзүнчө иш козголот.

Тергөөчүнүн жоопкерчилиги

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмыш иштерин мыйзамсыз токтоткону же кыскартканы үчүн тергөөчүгө кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдирди:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Эгерде чынында эле болгон оор коррупциялык иштер жашырылып, мыйзамсыз токтотулган болсо, анда биринчи кезекте ага тергөөчү жооп берет. Ага кылмыш иши да козголушу мүмкүн. Ага тергөөчү жеке кызыкчылыгына карап, ишти токтотушу мүмкүн. Болбосо кандайдыр бирөөнүн саясий буюртмасын аткарган болушу ыктымал. Кандай болгон күндө да ага тергөөчү жооп берет. Коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүдө бул маселе маанилүү. "Ал иштер эмнеге мыйзамсыз токтотулган?" деген суроого жооп табылып, андан кийин гана ал жандандырылган иштерди башка тергөөчүлөр алып барууга тийиш. Эгерде андай болбосо Башкы прокуратуранын азыркы айткандары жөн эле сөз бойдон кала берет. Ошондуктан эл арасында "коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү" дегенге ишеним болбойт. Ал конкреттүү иштер, конкреттүү жыйынтыктар менен бекемделүүгө тийиш.

Ошондой эле Башкы прокуратура кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча жоопко тартылгандардын бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлө турганын билдирди. Буга чейин жок кылынган, уурдалган жана жоголгон иштердин электрондук реестри түзүлө турганы да белгиленди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG