Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:49

Өзбекстандык 81 жаштагы аксакал Кыргызстанга велосипед менен келип саякаттайт


Элмурод Чориев велосипедине өлкөсүнүн желегин илип алган.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун тургуну, 81 жаштагы Элмурод Чориев Кыргызстанга велосипед менен келе жатат. Бул тууралуу "Кun.uz" сайты 26-апрелде маалымдап, блогер Санжар Саид "Фейсбукка" чыгарган кыска видеону жарыялады.

- Жаш кезимден бери велосипед тебүүгө кызыгам. Бүгүн алыс саякатка жол тарттым. Кыргызстанга барууну пландадым. Анжиянга барып, андан ары Кыргызстанга өтөм. 1958-жылы Ош шаарына баргам. Ошол жерлерге кайра баргым келди. Анан Кыргызстандын башка жерлерине барам, сүрөткө түшөм, - деген аксакал буга чейин да өз өлкөсүндө велосипед менен саякаттап жүргөнүн, адамдардын үйүндө түнөп калганын айтты.

Элмурод Чориев он баланын атасы экенин, биринчи байбичеси кайтыш болгонун, азыр экинчи аялы менен жашап жатканын билдирди. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG