Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

"Ата Мекен" "Белизгейт" боюнча Сегизбаевди жоопко тартууга чакырды


"Белизден алынды" деген сүрөт. "President.kg" сайтына чыккан.
"Белизден алынды" деген сүрөт. "President.kg" сайтына чыккан.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди "Белизгейт" окуясын уюштурганы үчүн кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага расмий кайрылды. Укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөш талкууланып жаткан фракциянын бүгүнкү жыйынында Шыкмаматов УКМКнын Антикоррупция кызматынын жетекчисине да кайрылып, "мекеменин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Мусаканов, IT кызматкери Асел Жекшенова Белизге барып жасалма документтерди жасап кайтканын" иликтөөгө чакырды:

- Парламентте Абдил Сегизбаев "Белизден трасттык үч документ келди" деп, оппозициялык партиянын үч өкүлүн "Мегакомдо" 23 миллион доллардан үлүшү бар" деп күнөөлөп, парламент, президент, менчик эмес, коомдук канал болгон КТРКны тартып, чоң саясий авантюрага барышкан. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинде ("Документ жасоо, жасалма документти колдонуу") жазылгандай кылмыш жасаган. Тактап айтканда, Абдил Сегизбаев аларды колдонду. Ушул жердеги видео версия, стеннограмма да бар. Анда бизге "ыкчам ийгилик менен бул документтерди алып келдик" деп жарыялап, ыкчам документтер тууралуу мыйзамды бузган. Экинчиси, жасалма документти пайдаланган. Үчүнчүсү - 304-берене, өз бийлигинен кыянат пайдаланган. Башкы прокурор экөө сүйлөшүп алып, үч жарандын укугун бузуп, мыйзамсыз кылмыш жазасына тартуу максатын көздөгөн. Биз Лондондон адвокат жалдап, алар бир жуманын ичинде Белизде эч кандай трасттык документ жоктугун, мунун баары калптыгын аныктады.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Атамекенчилер" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин жарыялаган. Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Абдил Сегизбаев 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. (NT)

XS
SM
MD
LG