Борбордук чалгын кызматынын мурдагы башчысы, мамлекеттик катчылыкка кечээ бекиген Майк Помпео Брюсселге НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышканы келди.
НАТО лидерлеринин июлдагы саммитине даярдык катары өтүп жаткан жыйында, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрүнүн айтымында, негизинен Орусиянын Украина менен Грузиядагы “агрессиясына”, Сирия жана Европанын түштүк чек араларында коопсуздукту чыңдоо маселелерине көңүл бурулат.
АКШнын мамлекеттик катчысы НАТОнун мүчөлөрүнөн аскердик бюджеттерин көбөйтүп, 2024-жылга карата ички дүң өнүмдүн 2% көрсөткүчүнө жеткизүү зарылдыгын да эске салганы жатат.
Вашингтондогу азыркы администрация НАТОнун чыгымын тең бөлүшүү үчүн анын калган мүчөлөрү да аскердик бюджеттерин көбөйтүшү керек деп эсептейт. НАТОнун алкагында бул маселе мурда эле макулдашылган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Брюсселде өзөктүк келишимге байланышкан маселелерди да талкуулашы күтүлүүдө.
Учурда АКШнын чабармандары Британия, Франция, Германия менен Иран 2015-жылы дүйнөнүн алты ири державасы менен түзгөн өзөктүк келишимди оңдоп, бекемдөөнн үстүндө иштөөдө. Президент Дональд Трамп эгер ал келишим оңдолбосо, Вашингтон андан чыгып кетерин да эскерткен.
Брюсселден соң Помпео иш сапары менен Израилге, Сауд Арабиясына, Иорданияга да барат. (UE)