Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

"Бишкек-Парк" соода борборуна "бомба коюлганы" кабарланды


"Бишкек-Парктын" ичи-сыртын күч органдары текшерип жатышат. Сүрөттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жөнөтүштү. 27-апрель, 2018-жыл.
"Бишкек-Парктын" ичи-сыртын күч органдары текшерип жатышат. Сүрөттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жөнөтүштү. 27-апрель, 2018-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 27-апрелде түш ченде белгисиз адам аталган соода борбордун кабылдамасына телефон чалып, "жардыргыч зат орнотулганын" айткан. "Бишкек-Парктын" кызматкерлери түшкү саат бир жарымда милицияга кабарлашкан.

Учурда адамдар имараттан эвакуацияланып, "жардыргыч зат" изделип жатат. Имарат курчоого алынган.

Буга чейин да бир канча ирет милицияга ушинтип телефон аркылуу түшкөн маалыматтар жалган экени аныкталган. Күч органдары мындай маалымат берген адам үч жылга чейин камаларын эскертишет.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо") ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылып же үч жылга чейин камалышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG