Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Пашинян бийлик партиясы менен мунасаны четке кагууда


Президент Армен Саркисян оппозиция лидери Никол Пашинян менен митингде жолуккан учур. Ереван, 21-апрель, 2018-жыл.
Президент Армен Саркисян оппозиция лидери Никол Пашинян менен митингде жолуккан учур. Ереван, 21-апрель, 2018-жыл.

Армян оппозициясынын жана соңку күндөрдөгү нааразылык кыймылдын лидери Никол Пашиняндын билдиргенине караганда, ал азыркы саясий кризистен чыгуу жолдорун талкуулаш үчүн президент Армен Саркисян менен жолукту жана премьер-министр Карен Карапетянды бүгүнкүгө сүйлөшүүгө чакырууда.

Бирок Карапетяндын басма сөз катчысы Арам Араратян премьер-министрдин милдетин аткаруучу Пашинян менен сүйлөшүүнүн “келечегин” көрбөй жатканын билдирди.

Мунун алдында Ереванда, 26-апрелдин кечиндеги митингде Пашинян: “Мен премьер-министрликке эл аркылуу, алардын талабы жана колдоосу менен шайланам же болбосо Армения Республикасынын премьер-министри такыр шайланбайт. Коррупциялашкан жана элге каршы система менен эч кандай мунаса болбойт”, - деп айткан эле.

Ал өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Карен Карапетян менен сүйлөшүүсү медианын катышуусунда гана ачык жүрүшү керектигин да кошумчалады.

Буга чейин армян парламентинин спикери Ара Баблоян Улуттук ассамблея жаңы премьерди шайлай турган сессияга 1-майда чогуларын билдирген.

Бийликтеги Республикалык партия көптөн берки лидери, мурдагы президент Серж Саргсян премьер-министрдин кызматын тапшырууга аргасыз болуп, бир өнөктөшү коалициядан чыгып кеткенине карабай, 58 мандаты менен 105 орундуу парламентте баары бир көпчүлүк бойдон калууда.

Тогуз мандаты бар "Елк" фракциясынын жана "Жарандык келишим" партиясынын лидери Пашинян парламентте премьер-министрликке шайланыш үчүн талап кылынган 53 добушту чогулта алаары азырынча белгисиз болуп турат.

Бул үчүн ал оппозициядагы депутаттардын баарынын жана Республикалык партиядан кеминде алты парламентарийдин колдоосун алышы керек. (UE)

XS
SM
MD
LG