Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:05

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго карата Сузак райондук сотунда жүрүп жаткан жараян төртүнчү ирет артка жылды. 25-апрелдеги отурумда соттолуучулар толук катышпагандыктан, судья кийинки отурумду 14-майга белгиледи.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Музаффар Исаков баштаган эки адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши Сузак райондук сотуна март айында келип түшкөн.

Андан бери жараян соттолуучулар жана күбөлөр түгөл болбогондуктан улам жылып келди.

Сотко катышып жаткан укук коргоочу Анарбай Орозовдун билдирүүсүнө караганда, депутат Исаковдун белгисиз себеп менен сотко келбей койгону жараянды үзгүлтүккө учуратып жатат.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылдын февралында кылмыш ишин козгогон. Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда "315 мыйзамсыз токтом чыгарган, 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген" деп айыпталууда. Ошондой эле тергөө маалында жарандар жер тилкелерин Исаков сатканын билдиришкен. Депутат өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG