Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 07:54

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү 27-апрелде кабарлады. Президенттин дагы бир буйругунун негизинде Усманованын ордуна Жамиля Жаманбаева дайындалды.

26-апрелде Кыргызстандын башкы прокурору болуп Өткүрбек Жамшитов дайындалган.

43 жаштагы Жамшитовду бул кызматка мамлекет башчы 24-апрелде сунуш кылып, Жогорку Кеңеш колдогон.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин сунушу менен 11-апрелде кызматынан кеткен. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG