Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:18

Пашинян өкмөткө каршы нааразылык уланаарын убада кылды


Никол Пашинян Еревандагы басма сөз жыйынынан кийин. 27-апрель, 2018-жыл.

Армян оппозициясынын жана кийинки күндөрдөгү нааразылык кыймылынын лидери Никол Пашинян өкмөткө каршы акциялар уланаарын айтты. Ал премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян бийликти "тынч өткөрүү" боюнча сүйлөшүү чакырыгын четке каккан соң ушундай убада берди:

- Биздин кыймыл бир эле кишиге каршы эмес болчу. Биздин кыймыл азыркы коррупцияланышкан, адилетсиз системага каршы. Реалдуу өзгөрүүлөргө жетишмейинче биз канааттана албайбыз. Андыктан биздин максат - Армениянын жарандары өзүн жеңүүчү катары сезгидей чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүү, - деди Пашинян бүгүнкү басма сөз жыйынында. Ал өз жактоочуларын 1-майда ири демонстрацияга чыгууга үндөдү.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетяндын басма сөз өкүлүнүн билдиргенине караганда, ал Пашинян менен сүйлөшүүнүн “келечегин” көрбөй жатат.

Карпетян оппозиция лидеринин сунушун четке кагарда кечээ Армениянын башкы саясий жана экономикалык өнөгү болгон Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн.

Ереванда кечээ кечинде болгон митингде Пашинян “премьер-министрликке өзү гана шайланышы керек экенин, азыркы система менен эч кандай мунаса болбой турганын” айткан.

Армян парламентинин спикери Ара Баблояндын буга чейинки жарыясына караганда, Улуттук ассамблея жаңы премьерди шайлай турган сессияга 1-майда чогулат.

Бийликтеги Республикалык партияны көптөн бери жетектеп жүргөн мурдагы президент Серж Саргсян премьер-министрдин кызматын тапшырууга аргасыз болуп, бир өнөктөшү коалициядан чыгып кеткенине карабай, анын уюму 58 мандаты менен 105 орундуу парламентте баары бир көпчүлүк бойдон калууда.

Тогуз мандаты бар "Елк" фракциясынын жана "Жарандык келишим" партиясынын лидери Пашинян парламентте премьер-министрликке шайланыш үчүн талап кылынган 53 добушту чогулта алаары азырынча белгисиз болуп турат.

Бул үчүн ал оппозициядагы депутаттардын баарынын жана Республикалык партиядан кеминде алты парламентарийдин колдоосун алышы керек. (UE)

XS
SM
MD
LG