Линктер

шейшемби, 18-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:16

Столтенберг: НАТО Орусия коркунучуна каршы турат


Йенс Столтенберг Брюсселдеги басма сөз жыйынында. 27-апрель, 2018-жыл.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг бул тууралуу бүгүн Брюсселдеги басма сөз жыйынында билдирди. Бүгүн ал жерге НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулуп, жыйынга АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да келди.

Башкатчы Столтенбергдин айтымында, киберчабуулдар, НАТО өлкөлөрүнүн ички иштерине кийлигишүү, НАТОго мүчө мамлекеттин (Британия) аймагында химиялык куралдын колдонулуусу – Орусиянын агрессивдүү жүрүм-турумунун ырасталуусу.

Столтенберг белгилегендей, НАТО Орусия менен мамилени жакшыртууга да умтулат, бирок азыркы абал тараптар кансыз согуш доорунан кийин умтулган стратегиялык өнөктөштүктөн кыйла алыс:

- Биз Орусия, анын тышкы жана коргонуу саясатынын узак мөөнөттүү кесепеттери боюнча кеңир талкуу баштадык. Биз кош багыттуу саясатыбыз: күчтүү токтотуу жана маңыздуу диалог менен айкалышкан коргонуу туура деген бүтүмгө келдик.

Тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйыны НАТО лидерлеринин июлдагы саммитине даярдык катары өтүп жатат.

АКШ тышкы саясий мекемесинин өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттик катчысы Майк Помпео анда НАТОнун мүчөлөрүнөн аскерий бюджеттерин көбөйтүп, 2024-жылга карата ички дүң өнүмдүн 2% көрсөткүчүнө жеткизүү зарылдыгын да эске салмак.

Вашингтондогу азыркы администрация НАТОнун чыгымын тең бөлүшүү үчүн анын калган мүчөлөрү да аскерий бюджеттерин көбөйтүүсү керек деп санайт. НАТОнун алкагында бул маселе мурда эле макулдашылган.

Мамлекеттик катчы кызматына жаңы киришкен Помпео Брюсселден соң Израил, Сауд Аравия, Иорданияга да иш сапары менен барат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG