Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын билдиргенине караганда, уруш борбор Дамасктын түштүк райондорунда өкмөттүк аскерлер менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ортосунда болгон. Аталган уюмдун маалыматы боюнча өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан палестиналык качкындардын негизинен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери көзөмөлдөгөн лагеринен 17 кишинин, анын ичинде жети жаш баланын өмүрү кыйылган.
Сириянын мамлекеттик медиасы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин Дамасктын Кадам районун аткылоосунан эки жаш бала өлүп, сегиз киши жаракат алганын кабарлады.
Мамлекеттик медианын билдиргенине караганда, өкмөттүк күчтөр жана алардын өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн жана Кадам районуна коңшу Хажар ал-Асуад районуна чабуул койгон.
Маалыматтарга караганда, Хажар ал-Асуад районунда жана ага жакын Ярмук лагеринде бир аптага созулган уруштардан эки жактан тең ондогон согушкерлер мерт болгон. (UE)