Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Конгресс комитети: Трамптын штабы Орусия менен келишүүгө барган эмес


Конгресстин Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин 2016-жылдагы президенттик шайлоого Оруссиянын кийлигишүүсү боюнча жыйындарынын бири. 21-июнь, 2017-жыл.
Конгресстин Өкүлдөр палатасынын чалгын комитетинин 2016-жылдагы президенттик шайлоого Оруссиянын кийлигишүүсү боюнча жыйындарынын бири. 21-июнь, 2017-жыл.

Мындай бүтүмдү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын чалгын боюнча комитети чыгарды. Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген бул комитетти республикачылар көзөмөлдөйт. Алардын 250 беттен турган баяндамасы 27-апрелде жарыяланды. Бирок комитеттин демократ мүчөлөрү баяндаманын мазмуунун сынга алышты.

Демократтар республикачылар жетектеген жараянды буга чейин эле сындоо менен алар партиялашын коргоону көздөп, АКШнын чалгын жамаатынын ишине шек келтирип жатканын айтып келишкен.

Республикачылар болсо АКШнын чалгын агенттиктери өтө эле саясатташып кеткен деп санашат.

Конгресстин чалгын комитети президент Трамптын шайлоо штабы менен орус бийликтери ортосунда келишүү болгон эмес деген бүтүмдөн тышкары Орусия АКШда ажырым жаратып, коомчулукту чаташтыруу үчүн компьютерлик түйүндөрдү бузуп, киберчабуул жасап, Facebook өңдүү социалдык медианы колдонгон деп да тапты. Алардын баяндамасында Орусия Батышка каршы “маалымат согушту” он жылга жакын убакыттан бери эле жүргүзүп жатканы көргөзүлөт.

Анткен менен Конгресс комитети Трамптын шайлоо штабын WikiLeaks сайты менен карым-катышта болгону үчүн сынга алган. Бул сайт 2016-жылкы шайлоо алдында Демократиялык партиянын саясий активисттеринин электрондук каттары менен документтерин жарыялаган эле. Аларды хакерлик жол менен Орусия уурдаган деп болжолдонуп жүрөт.

Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүнө байланышкан маселелерди Конгресстин бир эмес, үч комитети иликтөөдө. Мындан сырткары атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ дагы тергөө жүргүзүп жатат жана ал буга чейин 19 адамга, үч компанияга расмий айып таккан.

Шайлоо штабы Орусия менен келишүүгө барган деген ырастоолорду такай төгүндөп келген президент Дональд Трамп Конгресс комитетинин баяндамасын күнөөлүү эместигинин дагы бир далили катары баалады. (UE)

XS
SM
MD
LG