Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 08:43

Облустук прокуратура Оштогу кургак учукка каршы борборунун башкы эсепчиси А.Уга Кылмыш-жаза кодексинин 171 (бөлүнгөн каражатты ыйгарып алуу) 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгоду.

Прокуратуранын маалыматында А.У аттуу башкы эсепчи бюджеттик каражатты чыгарып кетүү үчүн жасалма ишкана түзгөн. 2017-жылдан бери жасалма документтер менен аталган ишканага акча которуп турган. Жыйынтыгында оорукана бюджетинен 4 млн. 694 миң сом мыйзамсыз коротулган.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Урмат Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш боюнча медициналык борбордо башкы эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталган. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG