Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:22

Оштогу өзүн өзү атып алды деп айтылган милициянын өлүмү боюнча анын кесиптеши 48 саатка камакка алынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, маркумдун жанынан табылган табелдик курал милицияда иштеген досуна таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, убактылуу кармалган милиция кызматкерине табелдик куралын башка адамга бергени үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн.

27-апрелдин түнүндө Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылып жатат. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Маркум ички иштер органдарында 2014-жылдан бери кызмат өтөп келген. Кара-Суу районунда туулганы, үйлөнө электиги маалым болду.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG