Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Кыргызстандык тогуз коргоолчулар Түркиядагы мелдешке катышууда


"Anatolia Оpen 2018" мелдеши
"Anatolia Оpen 2018" мелдеши

28-апрелде Түркиянын Анталья шаарында "Anatolia Оpen 2018" аттуу интеллектуалдык оюндардын эл аралык фестивалы башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Орусия (Саха Республикасы), Монголия, Пакистан жана Ганадан 100дөн ашуун оюнчулар катышууда.

Мелдешке катышкан кыргызстандык машыктыруучу оюнчу Аким Нурсейитов билдиргендей, фестивалдын программасына тогуз коргоол, мангала жана казактардын бестемше (тогуз коргоолдун балдарга арналган түрү) оюну киргизилген. Кыргызстандан сегиз оюнчу тогуз коргоол жана мангаладан акыл таймашын өткөрөт. Бестемше боюнча оюндарда дагы кыргызстандык эки оюнчу ойнору күтүлүп жатат.

Оюндар кыздар жана эркектер арасында эки категорияда (өспүрүмдөр жана чоңдор) жети турдан өтөт. Фестиваль 2-майда жыйынтыкталат. (TSh/ECh)

XS
SM
MD
LG