Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Бишкекте темир жол бекетинен бомба табылган жок


Иллюстрация
Иллюстрация

29-апрелде кечки саат 19:30да Бишкек шаарындагы “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлду деген кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Аталган бекетке Ички иштер министрлигинин, УКМКнын адистери барып, бекетти курчоого алышкан. Иштеген кызматкерлер менен жүргүнчүлөр дароо чыгарылган.

УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Азыркы тапта бекеттин иши кадыресе уланууда.

Тартип сакчылары “телефон террорчунун” ким экенин иликтеп жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG