Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Помпео Жакынкы Чыгыш сапарында Иран боюнча катаал багытты карманууда


Майк Помпео жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив, 29-апрель, 2018-жыл.
Майк Помпео жана Биньямин Нетаньяху. Тел-Авив, 29-апрель, 2018-жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн Израилге келип, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолукту. Жолугушуу алдында Нетаньянху негизги көңүл Жакынкы Чыгыштагы “Ирандын күчөп бара жаткан агрессиясына” буруларын билдирген.

Израилге чейин Сауд Арабияда токтогон учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы падыша Салман, ханзаада Мухаммед бин Салман менен кездешти.

Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Иранды Сириянын президенти Башар Асадды жана Йемендеги хусит согушкерлерин колдоо менен Жакынкы Чыгышты дестабилдештирип жатканы үчүн айыптады. Израилден соң Майк Помпео Иорданияга барат.

Мамлекеттик катчынын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүнө сапары Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге байланыштуу чечим кабыл ала турган учуруна туш келүүдө.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске ар токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет жана Вашингтондун жаңы чечими ушул күнгө жакын белгилүү болгону турат.

Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет. Ошондой эле анда Ирандын уранды байытышына он жылдык гана чек коюлганын баса белгилеп жүрүшөт.

Трамп келишимге катышкан Франциядан, Британиядан жана Германиядан келишимдин өзү айтмакчы “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Бул талабы аткарылбаса, келишимден чыгаарын да эскерткен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун 29-апрелде Fox News телеканалына айтканына караганда, президент Трамп келишимде калуу же андан чыгуу маселесин азырынча чече элек. (UE)

XS
SM
MD
LG