Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Пашинян премьерликке шайлана аларына ишенет


Никол Пашинян Еревандын Республика аянтындагы жактоочуларына кайрылууда. 29-апрель, 2018-жыл.
Никол Пашинян Еревандын Республика аянтындагы жактоочуларына кайрылууда. 29-апрель, 2018-жыл.

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян премьер-министрдин шайланышы боюнча оптимисттик көз карашын бүгүн бийликтеги Республикалык партиянын жетекчилиги менен жолуккандан кийин билдирди.

Республикалык партиянын парламенттеги фракция башчысы Ваграм Багдасарян Пашинян менен кездешкенде аларда 1-майда премьер-министрликке «элдин талапкеринин» шайлануусуна «тоскоолдук кылбоо тенденциясы» бардыгын айткан.

Буга чейин Республикалык партиянын фракциясы премьер-министрликке талапкер чыгаруу планы жоктугун жарыяласа, Пашинян парламенттеги оппозициялык фракциялардын баарынын колдоосуна ээ болгон.

Армениянын Улуттук ассамблеясы премьер-министрди шайлай турган сессияга 1-майда чогулганы жатат.

Мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсянды апта башында бийликтен кетүүгө мажбурлаган нааразылык кыймылдын жана «Елк» фракциясынын лидери Никол Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайлануу үчүн кеминде 53 добуш алуусу керек.

Бул үчүн оппозициялык фракциялардын баарынын жана бийликтеги Республикалык партиянын кеминде алты добушуна муктаж. Республикалык партия 58 мандаты менен парламентте көпчүлүктү түзөт.

Бул арада Ереванда жекшемби күнү да бир нече миң адам Республикалык партия 1-майда премьер-министрликке Пашинянды шайлап, бийликти ага өткөрүп беришин талап кылып турушту.

Пашинян өзү жактоочуларын «жарандык баш ийбөөчүлүк» акциясын, Республикалык партиянын депутаттарына телефон чалууну, электрондук кат жөнөтүүнү токтотууга, бирок 30-апрелдин кечинде аянтка кайра чогулууга чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG