Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын калк жашаган конушунда 29-апрелде артиллериялык снаряд жарылган.
Ооган бийлигинин маалыматына караганда, жарылууга чейин анын айланасында бир нече бала ойноп жүргөн. Минаны алар таап алган деген божомол бар.
Провинция жетекчилигинин басма сөз катчысы Атаулла Хогяни жарылуудан жети бала жараланганын билдирди. Артиллериялык минаны түндө согушкерлер атып, бирок жарылбай калганы айтылууда.