Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, министр Нурболот Мырзахметов Сузакта түшкөн жер көчкүдөн кабар алып, маселени чечүүнүн жолдорун кеңешип жатат.
Жеринде штаб түзүлүп, кооптуу жерде жайгашкан турак жайлардын жашоочуларына Жарандык коргонуу комиссиясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даярдыкка келтирилди. Азыркы учурда топтолгон суу түшкөн жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агып жатат.
29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган.
Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу жаралган. Буга байланыштуу кечээ Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Азыр тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. (ErN)