Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдарынын президенти вице-премьер менен жолукту


Франческо Рокка менен Жеңиш Разаков.
Франческо Рокка менен Жеңиш Разаков.

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясынын президенти Франческо Рокка менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жолукту. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Алар Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай уюмдарынын Кыргызстанга саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, социалдык жардам жана уюштурууну өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Мунун алдында аталган гуманитардык уюмдардын баш катчысы Элхадж Ас Сы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов менен кездешкен.

Эл аралык гуманитардык уюмдун жетекчилери бүгүн эртең менен Бишкекке иш сапары менен келишкен. Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан Рокка менен Ас Сы 30-апрель 1-май күндөрү Кыргызстанда бир катар расмий өкүлдөр менен жолугаары айтылган.

Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдору табигый жана техногендик кырсыктар болгон аймактарда, согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдө гуманитардык жана саламаттык сактоо боюнча иш алып барат.

Бул уюмдар 15 жыл ичинде Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар учурунда 14 тонналык жардам көрсөткөн, айылдык үй-бүлөлүк медициналык борборлорго 1,6 млрд. долларлык медикаменттерди тапшырган. Мындан башка карыларга, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө жана майыптарга миллиондогон суммалык гуманитардык көмөк кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG