Москвада өлкөдө "Telegram" каналына бөгөт коюлушуна каршы митинг өтөт. Москва шаарынын жетекчилиги беш миңге чейин киши катышкан нааразылык акциясына уруксат берген.
Митингди Орусияда каттоодон өтпөгөн Либертариандык партия уюштурууда. «"Telegram" каналын жабуу – өлкө үчүн уят, XXI кылымда лидерликке умтулган бир да мамлекет өз технологиясы менен санариптик прогресске тоскоолдук кылбашы керк» деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.
Бүгүнкү митингге «сөз жана Интернет эркиндигин, санариптик прогрессти» жактагандар чакырылган.
Акцияны "Telegram" каналынын негиздөөчүсү Павел Дуров колдоду. Ал “Орусия ара жолдо турат – жалпы цензура азырынча ишке аша элек. Эгер кол куушуруп отура берсек, Орусия "Telegram" жана башка таанымал кызматтарды жоготот” деп жазды.
Акцияны оппозициялык активист Алексей Навальный колдоп, өзү да катышарын билдирди.
Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүнгө Орусиянын аймагында бөгөт коюуну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.