Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Жалал-Абадда көчкүдөн улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими кайра алынды


Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов көчкүнүн жанында.
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов көчкүнүн жанында.

Жер көчкү сайды бууп калганына байланыштуу Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими кайра алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эльмира Шерипова "Азаттыкка" билдирди.

29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинде жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калган. Натыйжада Сузактын Курманбек айыл аймагынын дарыя боюндагы айылдарын жана Жалал-Абад шаарын суу каптоо коркунучу келип чыккан. ​Буга байланыштуу кечээ Сузак району менен Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

30-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахметов Сузакта түшкөн жер көчкүдөн кабар алып, маселени чечүүнүн жолдорун кеңешип жатканы айтылган.

Маселе боюнча жеринде штаб түзүлүп, кооптуу жерде жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына жарандык коргонуу комиссиясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары даяр турушат. Азыркы учурда топтолгон суу түшкөн жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агып жатат. Тазалоо иштери да уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG