Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Ошто зордуктоо боюнча шектүү үй камагына бошотулду


Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык соту "24 жаштагы кызды беш айдан бери зордуктап жүргөн" деген шек менен кармалган жигиттин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова “Азаттыкка” билдирди.

Ош шаарынын 26 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну "кызды коркутуу жолу менен зордуктап жүргөн" деп шектелип кармалган. Тартип коргоо органдарынын версиясы боюнча, ал кызды алгач былтыр декабрь айында зордуктап салган. Шектүү ошол учурдагы жыныстык катнашты “камерага тартып алганын, видеону Интернетке коюп, маскара кыларын” айтып, коркуткан. Натыйжада жабырлануучу кызды беш ай катары менен жыныстык катнашка мажбурлап, зордуктап жүргөн. Акыркы ирет 27-апрелде Ак-Буура дарыясынын боюнда ушундай ишке барганы айтылган.

Кылмышка шектүүнүн мындай токтобогон аракеттерине чыдабаган кыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) негизинде кылмыш иши козголгон болчу.

Милиция билдиргендей, шектүү эркиндикке чыкканына карабай тергөө улантылат. (ErN

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG