Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:49

Кыргызстанда Эмгек күнү белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул күндүн тарыхы 1886-жылга барып такалат. Ошол жылы 1-майда Америкада жумушчулар 8 сааттык иш күнүн орнотууну талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан.

Полиция акцияны күч менен басып, кан төгүлгөн. 1889-жылы жумушчулардын II Интернационал бирикмеси негизделген.

1890-жылдын 1-майында Европанын бир катар мамлекеттеринде Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү белгилене баштаган. Кыргызстанда бул күн биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Азыр бул күн дүйнөнүн жүзгө чукул өлкөсүндө майрамдалат.

Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 2017-жылдагы статистикада 192,2 миң адам деп эсептелген. Расмий эмес көрсөткүчтөрдө жумушсуздардын саны мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн.

Өлкөдө 1-май дем алыш деп жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG