Бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жиберишкени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, мекеменин Коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү тартипте декларациядан өткөзүлбөгөн, ар түркүн моделдеги чөнтөк телефондор жүктөлгөн автоунааны кармашкан.
Иликтөө учурунда товарларды Бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл пунктунан текшербестен каттоодон өткөзүп беришкени такталды.
Кармалган жүк ташуучу автоунаадагы товарлардын наркы 30 миллион сом деп бааланган.
Факт боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 204-беренеси (“Аткезчилик”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда. (ErN)