Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Журналисттер экстремизм маселесин чагылдырууну үйрөндү


Экстремизмди чагылдыруу боюнча окутуунун катышуучулары.
Экстремизмди чагылдыруу боюнча окутуунун катышуучулары.

Ысык-Көлдө өткөн беш күндүк окутууда жаш журналисттер жана жогорку окуу жайлардын журналистика адистигинде окуган студенттери экстремизм маселесин чагылдыруу боюнча сабак алышты. Бул тууралуу ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Үйрөнчүк медиа кызматкерлери иш-чарада экстремизм жана радикализмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү темаларын стереотиптерге кириптер болбой жазууну, эфирге берүүнү үйрөнүштү. Алар ошондой элек терроризм боюнча макалаларды, сюжеттерди жана баяндарды берүү ыкмаларын өздөштүрүштү. Чогулгандар ошондой эле бул боюнча мыйзамдык база, терминология, эл аралык стандарттар жана журналисттик этика менен да таанышты.

30га жакын жаш журналисттерге эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү сабак берди. Окутуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан каржыланды.

Согуштук аракеттер жүрүп жаткан Жакынкы Чыгышта, анын ичинде Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 800 адамдан ашканын буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG