Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Убактылуу кармоочу жайдан качкандардын аты-жөнү жарыяланды


Убактылуу кармоочу жайдан качкан балдар. Сүрөттүн түп нускасы ички иштер органдарына таандык.
Убактылуу кармоочу жайдан качкан балдар. Сүрөттүн түп нускасы ички иштер органдарына таандык.

Ички иштер министрлиги Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үч шектүүнү аты-жөнү менен сүрөтүн жарыялады. Алардын үчөө тең Токмок шаарынын тургуну.

Эң чоңу, 18 жаштагы Леонид Ворончихин Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”), ортончусу, 17 жаштагы Анатолий Порошин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана кичүүсү, 16 жаштагы Руслан Юсупахунов Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”) боюнча шектүү катары кармалган.

Шектүүлөр бүгүн эртең менен саат 07:00дөрдө качып кеткени кабарланды.

Ушул тапта “Сирена” кармоо операциясы жарыяланып, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы издөө иштерин жүргүзүүдө.

ИИМ бул жарандарды көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефондорго чалып, кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 43-01-27, 43-88-85 (Чүй облустук ИИБ), 66-23-31 (ИИМдин күзөт бөлүмү), 0(701) 30-09-07, 0(701) 15-36-06, 0(703) 40-68-98. (ErN)

XS
SM
MD
LG