Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Швецияда теракт пландоого шектүү өзбекстандыктар кармалды


Швециянын полициясы.
Швециянын полициясы.

30-апрелдин таңында Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (Säpo) баш калаа Стокгольмдун түндүгүндө атайын операция жүргүзүп, анда үч адам кармалып, дагы бир нече киши суракка алынганын мекеменин басма сөз катчысы Карл Мелин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирди.

Атайын операцияны жүргүзүүгө түздөн-түз тиешеси бар швед бийлигинин өкүлүнүн "Азаттыкка» билдиргенине караганда, кармалган үч киши өзбекстандыктар жана алар Стокгольмдун түндүгүндөгү Акалла районунда турушкан.

«Алар Рахмат Акилов террордук кол салуу жасагандан кийин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын көзүнө чалдыгышкан. Алардын бирөө Акилов менен менен түздөн-түз байланыштуу. Ал да Самарканддан чыккан», - деди өзбек кызматына швед аткаминери.

Мелиндин маалыматына карганда, кармалгандар Швецияда теракт жасоого көптөн бери даярданып жүрүшкөн.

Кармалгандардын биринин агасы шведдердин SVT телеканалына берген интервьюда инисинин "Швецияда эмес, Өзбекстанда маселелери болгонун” айтты.

Швецияда жашаган өзбек жамаатынын өкүлү “Азаттыкка” дүйшөмбүдө кармалгандардын бири Ташкентте туулуп өсүп, кийин Швецияда башкалка алганын билдирди.

«Ага-ини кармалган. Алар Ташкенттен. Кичүүсүн сурактан кийин коё беришти, улуусун болсо кармашты. Биздин маалымат боюнча кармалган үчүнчү киши Кыргызстандын Ош шаарынан келген өзбек», - деп айтты ал.

Былтыр 7-апрелде өзбекстандык Рахмат Акилов Стокгольмдо фургон машинеси менен элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда беш адамдын өмүрү кыйылып, 15и жарадар болгон. Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алган. Швециянын прокуратурасы Акиловду өмүр бою эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Ага сот өкүмү июнь айында угузулат.

XS
SM
MD
LG