Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШ Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады


Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.
Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.

Кошмо Штаттар Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады. Вашингтон жоочулар “демократиянын өзөгүнө” кол салуу менен парламенттик шайлоону "үзгүлтүккө учураткысы келет" деп билдирди. Мамлекеттик катчы Майк Помпео Кабулда дүйшөмбүдө болгон кош жардырууну "жапайычылык жана маанисиз аракет" деп атады.

"Ислам мамлекети" радикал уюму уюштурган теракттан 25 киши, анын ичинде тогуз журналист курман болгон. Алардын экөө Абдулла Хананзай менен Сабавун "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кабулдагы бюросунда иштечү. Биринчи кол салуудан көп өтпөй болгон экинчи жардыруу атайын журналисттерди бутага алган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис “добуш берүүдө жеңе албаган кишилер бомбага күнү түшөт” деп комментарийледи.

Мындан бир жумадай мурда Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 60 киши мерт болуп, 120га жакын адам жараланган. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ алганы келген кишилер чогулган жердеги терактты да “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жоочулары ишке ашырганы маалымдалган.

Ооган өкмөтү талиб согушкерлери менен да күрөшүп келатат. Президент Ашраф Гани "Талибанга" шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылганы менен, жыл башынан бери Кабулда эле жүздөгөн киши ар кандай чабуулдардан ажал тапты.

Парламенттик шайлоо Ооганстанда ушул күздө болмокчу.

XS
SM
MD
LG