Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:48

Депутат Токторов: ЖЭБ боюнча тыянак айыптууларды актагандай болуп калды


Алмазбек Токторов.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоону жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөсү Алмазбек Токторов комиссиянын акыркы корутундусу менен макул болбой, документке кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын тыянагы ЖЭБдеги кырдаалга айыптуу жетекчилерди актагандай болуп калган.

- Биз документтин ар бир үтүр, чекитин коюп атканда макулдашуу кылганбыз да. Анан карап көрсөм, тыянак кайра жетекчилерди актагандай болуп калыптыр. Ошондуктан мен документке кол койгонум жок, баш тарттым. Корутундунун "акыркы вариантын бергиле” десем, созуп жүрүп кечээ беришти. Окуп чыктым. Менде корутундуга 7-8 кошумча сунуш-пикир бар болчу, "ошону кошуш керек" дейин десем корутунду чыгып калды. "Ошол мен сунуш кылган өзгөртүүлөрдү киргизели" десем, кайра узарып кетет дагы, “ушул депутат кармап атат” дегендей сөз чыгып кетиши мүмкүн. Эгер ошол сунуштарымды кошушса, мен кол коюп бермекмин, - деди депутат Алмазбек Токторов​.

Токторовдун пикиринде "айыптуу" дегендердин арасында ТВЕА менен келишимге кол койгон кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошол убактагы министрлердин аттары жазылбай калган.

Ал ошондой эле документ кечиккенине комиссиядагы депутаттардын пикир келишпестиги себеп болгонун кошумчалады.

ЖЭБди модернизациялоону жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген депутаттык комиссиясынын корутундусу толук даяр болгонун буга чейин комиссиянын жетекчиси Улан Примов билдирген болчу. Мунун алдында комиссиянын башка бир мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоо иштериндеги кемчиликтерге жана андагы авариялык кырдаалга экс-премьер-министрлердин тиешеси бар-жогу каралып, баа берилиши керек экенин айткан эле.

Быйыл кыш чилдеде Бишкек Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурда борборду оңдоого карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган. (BkA\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG