Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:21

2-майга карата аба ырайы: жамгыр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз гидромет" мекемеси билдиргендей, 1-майда башталган туруксуз аба ырайы 2-майда да уланат.

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кар күрткү түшүү коркунучу бар.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкек шаарында 2-майда түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус жылыйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG