Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун "Тегерандын өзөктүк курал программасынын жашыруун планы бар" деп айтканын Иран “уяты жок калпычынын сөзү” деп айыптады.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Гасеми 1-майдагы өз билдирүүсүндө Израилдин "Тегеран өзөктүк курал жасоо дымагынан кайткан эмес" деп айыптаганын “суу кечпеген калп” деп баалады. Ал Израилдин өкмөт башчысын “калптан башка айта турган эч нерсеси жок" деп күнөөлөдү.
Премьер-министри Нетаньяху 30-апрелде Тель-Авивде басма сөз жыйынын өткөрүп, Израил Ирандын өзөктүк курал планын “далилдеген” документтерди алганын билдирген.
Англис тилинде сүйлөп, аны телеканалдар түз көрсөткөн жыйында Израилдин премьери атайын кызматтар Ирандын жашыруун өзөктүк архивдерин тапканын жарыялаган.
Израилдин премьери "Ирандын өз окумуштуулары өзөктүк курал иштеп чыгуу менен алектенбей тургандыгы жөнүндө Тегерандын билдирүүсү жалган” экенин белгиледи.
“Документтер Тегеран өзөктүк куралдан баш тартып жатканда, анын жылдар бою жашыруун өзөктүк курал программасы болгонун көрсөтөт” деди АКШнын мамлекетти катчысы Майк Помпео Европадагы сапарынан Вашингтонго кайтып баратып.
“Иран мындай программасы такыр болбогонун айтып келген. Бирок бул андай программа болгон эмес дегенге каршы келет”, - деди Помпео.
Израилдин Тегеранды айыптаган билдирүүсү АКШнын президенти Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы кол коюлган келишимден чыгуу же калуу маселесин чечкени жатканда чыкты.