Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Ош шаарында  "Шайыр апалар” фестивалынын гала концерти өтүп жатат


Фестивалды телеканалга тартуу учуру
Фестивалды телеканалга тартуу учуру

Фестивалдын жыйынтыктоочу концертине жети облустан 500дөй энелер катышууда. Алар улуттук ыр-бийлерди жана башка түрдүү өнөрлөрүн тартуулашууда. Бул тууралуу концертти уюштуруп жаткан Оштогу шайыр апалар тобунан кабарлашты.

50 жаштан 80 жашка чейинки таланттуу апалар ар бир аймактан сынакка катышып, утуп, жеңүүчү болуп келишкен.

Ушул эле фестивалдын алкагында Коомдук биринчи каналдын “Маданият” каналы телефестивал тартып жатат. Телеканалдын редактору Назира Аалы кызы билдиргендей, саамалык энелердин башын бириктирүү, кыргыздын унутта калган чыгармаларын, маданий баалуулуктарын даңазалоого багытталган. Фестивалдын гала концертин телеканал өз эфиринен кетирет.

Фестивалдын былтыркы айлампасынын жыйынтыктоочу чыгарылышы Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинде өткөн. Анда Ош облусунун Ноокат районунан келген топ утуп алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG