Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

ЖМК: Германия согушкерлердин балдарын алып келет


"Ислам мамлекети" террордук тобундагы аялдар (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
"Ислам мамлекети" террордук тобундагы аялдар (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Немис өкмөтүнүн Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун жактоочуларынын балдарын алып келүү ниети бар. Бул тууралуу Bild am Sonntag гезити Ички иштер министрлигинин буйругуна таянып жазып чыкты. Балдар алынып келинип, “дерадикализациядан” өткөндөн кийин туугандарынын же социалдык мекемелердин кароосуна берилет.

Гезиттин маалыматында Сириянын жана Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында немистердин паспортуна ээ кеминде 270 балалуу аял бар.

«Ислам мамлекети» экстремисттик уюму жана башка уюшкан топтордо 980 «немис исламчылары» бардыгы кабарланган. Алардын 170и өлтүрүлсө, үчтөн бири Германияга кайтып келген.

Былтыр жыл этегинде Сирия менен Ирактан аялдарды жана балдарды кайтарып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекеменин башчысы Ханс-Георг Масен дагы билдирген. Бул жөнүндө Deutsche Welle агенттиги кабарлаган.

XS
SM
MD
LG