Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:31

Бактыгүл Кубанычбек: Согуш болгон жерлерден кыргыз жарандарын кезиктирдим


"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин үй-бүлөлөрү кармалган Мосулдун түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017

Ирактын Мосул шаарына чукул жерде чет элдик согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү үчүн уюштурулган атайын лагерде 1500гө чукул киши кармалып турат. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар экени белгилүү болду.

Ал эми вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун "Азаттык" радиосуна берген маегинде билдиргенине караганда, Ирактын жана Сириянын согуш тутанган аймактарында салгылашып жүргөн кыргызстандыктардын арасынан 92 киши мерт болгон. Ал жоочулардын катарындагы кыргызстандыктардын саны 500дүн тегерегинде экенин, анын 140ка жакыны аялдар, 100 чамалуусу балдар болгонун кошумчалады.

"Кыргыз жарандарын көрдүм"

Ирактагы жана Сириядагы жаңжалга аралашкан чет элдиктер, алардын бала-чакасы тууралуу Ирактын Күртстан аймагындагы чет элдик уюмдардын биринде иштеп жүргөн Бактыгүл Кубанычбектин “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегин сунуштайбыз.

"Азаттык": ​Сиз Иракта кыргызстандыктарды, деги эле биздин аймактан баргандарды кездештире алдыңызбы? Чет элдиктер жаткан лагерде кыргызстандыктар дагы бардыгы айтылып жатат.

Кубанычбек: Медиага чыккан жана расмий бийликтердин маалыматында дагы өлкө ичинде жер которгондордун арасында чет мамлекеттердин жарандары бардыгы айтылды. Жалпысынан алар качкындар деп каралат. Ирактын жарандары болсо өлкө ичинде жер которгондор болуп саналат. Качкындар тууралуу айтсам, негизинен аялдар менен балдар, КМШ өлкөлөрүнөн келгендер дагы бар. Айрыкча Талл-Афардагы аскерий операциядан кийин алардын саны арбыганы сезилет.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин балдарынын жагдайы да өзүнчө кызык. Аларга “Ислам мамлекети” туулгандыгы тууралуу күбөлүк, чоңдордун тек жайын көргөзгөн “документтерди” жазып беришкен.

Кыргызстандыктардын баарын кезиктирдим деп айта албайм, бирок кыргыз жарандарын, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын жолуктурдум.

Бир апта мурда эле бир окуя болду. Талл-Афар шаарын бошотуу операциясынан кийин адамдар шаардан агылып чыгып жатышты. Качкындар үчүн борборлордун биринде бир аял өзүн-өзү жардырып жиберип, үч киши, бир бала каза тапты. Ал аял чеченстандык экени аныкталды.

Дагы бир маалыматта күрт кошуундары 14 кишини колго түшүргөнү, алардын бири кыргызстандык экенин ирак бийликтери жарыялады. Ирак менен Күртстанда көп маалымат социалдык медиа аркылуу тарайт, кызуу талаш-тартыш да интернетте жүрөт.

Талл-Афар менен Мосулдагы операцияларда пост-советтик өлкөлөрдүн жарандары, кыргызстандыктар бошотулганы боюнча жергиликтүү медиада араб тилинде көп маалымат чыгып жатат.

"Азаттык": Кыргызстандыктар менен бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болдубу? Эмне болуп ал жакка барып калышканын уга алдыңызбы?

Кубанычбек: Кыргызстандын жарандары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Биздин иште кызыкчылыктар кагылышы деген эрежеден улам ага уруксат берилбейт. КМШнын башка өлкөлөрүнүн жарандары менен сүйлөшө алдым, бирок кайсы өлкө экенин айта албайм. Негизинен аялдар менен балдар. Алардын күйөөлөрү атайын операция маалында жок кылынган же колго түшкөндөр. Башпаанек издеген аялдар менен балдар чек араны кесип өтүшкөндө же Талл-Афардан, Мосулдан чыгып жер которуп баратканда кармалышкан.

Эгер ал аялдардын, мейли чет элдик болобу же жергиликтүү болсун, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кандайдыр бир тиешеси бар экени билинсе, аларды өзүнчө бөлүп кармашат. Жергиликтүү коопсуздук органдары аларды текши атайын текшерүүдөн өткөрөт.

Бул процесс канчага чейин уланат айта албайм. Андан кийин гана алар эл аралык уюмдарга өткөрүлүп берилип, качкындар лагерине же дагы башка борборлорго жайгаштырылат. Ал жерлерде эл аралык мыйзамдарга ылайык алардын кийинки тагдыры чечилет.

"Иcлам мамлекети" тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал-Афар, 30-август, 2017
"Иcлам мамлекети" тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал-Афар, 30-август, 2017

"Качкындар кайсы өлкөнүн жарандары экенин далилдеши керек"

​"Азаттык" Күндөлүк ишиңерде бозгундарды көрүп жатпайсыңарбы, алардын ахвалы кандай, эмне дешет?

Кубанычбек: Согуш жүрүп жаткан кайсы гана жер болбосун андан качкандардын абалы окшош эле эмеспи. Алар психологиялык жактан катуу жабыркаган, дендароо болгондор. Эми алардын балдарын көтөрүп же ээрчитип узак жол басышканын, тоо-ташты ашып өтүшкөнүн элестетип көрсөңүз. Жер шарты тоолуу, ысык-суукта ачка жүрүшөт.

Лагерлерде негизинен аялдар менен балдар бар. Аялдардын күйөөлөрү атайын операция маалында жок кылынган же колго түшкөндөр.

Чет элдиктер үчүн андан да кооптуу, чоочун жерде көптөрүнүн документтери жок. Документтерин жоготуп жиберишкен же кимдир бирөөлөргө алдырып коюшкан, эми алар кайдан келгенин, кайсы өлкөнүн жарандары экенин далилдеши керек. Алар чек арадан кантип өткөнүн, ушунча убакыт кайда жүрүшкөнүн, эмне менен иш кылышкан айтып берүүсү зарыл.

Албетте, алардын көбү кайда барып, кандай уюмдарга кайрылып арыз-муңун айтып, башкалка издөөнү дагы билишпейт.

"Азаттык": Аялдарды ээрчиген балдар көппү, алардын жаштары канчада?

Кубанычбек: Бир балалуу, эки же андан көп бала ээрчиткендер да бар. Ошондой эле Ирак менен Сириядагы жаңжал маалында туулган балдар дагы бар. “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин балдарынын жагдайы да өзүнчө кызык. Аларга “Ислам мамлекети” туулгандыгы тууралуу күбөлүк, чоңдордун тек жайын көргөзгөн “документтерди” жазып беришкен. “Ислам мамлекети” уюму берген “документтерди” биз да көрдүк, укуктук жагынан караганда мындай кызыктуу жагдайлар бир топ эле арбын.

"Азаттык": Чет элдик аялдар-балдар кармалып турган лагер дейбизби, атайын жайлардын ахвалы кандай?

Кубанычбек: Лагерлердин кайсынысы болбосун медициналык борборлор бар, алар жакшы жабдылганын, дары-дармектин түрү бардыгын айта кетүү керек. Ал жердегилердин бардыгы тең бекер медициналык, ошондой эле юридикалык дагы жардам ала алышат. Тамак-аш берилет, жеке керектелчү башка нерселер менен камсыздалат. Жалпысынан ирак бийликтери менен эл аралык уюмдардын көмөгү үзгүлтүксүз көрсөтүлөт.

"Азаттык": Ал эми күрт кошуундарынын колуна түшкөн эркектердин тагдыры кандай болот? Алар кылмыш жообуна тартылып соттолобу, деги эле аларды эмне күтүп турат?

Кубанычбек: Эгер алар “Ислам мамлекети” тобуна кандайдыр бир тиешеси бар деп шектелсе, анда атайын текшерүүдөн өтүшөт. Андайларды өзүнчө борборлордо кармашат, мен андай жайларга барып көрө элекмин, андыктан шарты тууралуу эч нерсе айта албайм.

Кыргызстанда чет жактагы согуштук топторго аралашканы далилденсе, андай адам жарандыктан ажыратылышы мүмкүн.

Атайын жайларда чектөөлөр бар, мына ошол жерде кылдат текшерүүдөн өтүшөт. Андан кийин эмне болорунан дагы кабарым жок. Эгер алардын согушкерлерге тиешеси болгондугу аныкталбаса же кандайдыр бир массалык өлтүрүүлөргө катышканы далилденбесе, анда аларды башка лагерлерге которушат.

Эгер кылмышка тиешеси бар болуп чыкса, андан ары эмне болорун биз азырынча билбейбиз. Күрт бийликтери болсо бардык иштер эл аралык нормаларга шайкеш жүргүзүлөт деп ишендирип жатышат. Күртстанда 5-сентябрдан тарта Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык, езиддерге каршы геноцид боюнча атайын соттордун институту ишке кирди. Алар геноцид болгонбу, ага кимдин тиешеси бардыгын иликтей башташат.

Геноцид болгону анык эле, анткени алты миңдей езид азапка кабылды. Расмий маалымат боюнча алардын 3100дөйү гана бошотулган, калган үч миңинин дайыны белгисиз.

Мосулдан чыккандар текшерүү борборунда. 2-март, 2017-жыл.
Мосулдан чыккандар текшерүү борборунда. 2-март, 2017-жыл.

Чет элдиктердин мындан кийинки тагдыры кандай болот?

"Азаттык": Ирак бийликтери эл аралык уюмдарга өткөрүп берген чет элдик жарандардын тагдыры эмне болот? Алар өз мекенине жиберилеби же дагы башка варианттар барбы?

Кубанычбек: Алардын баарын өз өлкөсүнө өткөрүп берет же репатриация жасайт деп ойлобойм. Анткени алардын арасында башка өлкөлөрдөн башкалка издегендер көп. Маселен, ошол эле кыргыз бийликтери коопсуздугубузду жетиштүү камсыздай албайт деген жүйө келтириши мүмкүн. Кыргызстан бир катар мыйзамдык чараларды ишке ашырды, ага ылайык эгерде чет жактагы согуштук топторго аралашканы далилденсе, андай адам жарандыктан ажыратылышы мүмкүн.

Бул эгер өз өлкөмө кайтып барсам куугунтукка кабылам же жарандыгымды алып коюшат деген жүйө менен башка өлкөдөн башпаанек издөөгө негиз болот. Бул жүйөлөрдүн бири гана жана анын негизинде башкалка суроого мүмкүн экенин айтып жатам.

Мындан башка дагы негиздер болушу мүмкүн. Анткени эл аралык практикада репатриаттарды жарандыктан ажыратуу маселени чечпейт, тескерисинче башка көйгөйлөрдү пайда кылат.

Жарандыгы жок репатриаттардын көбөйгөнү жакшы көрүнүш эмес. Андыктан алардын баарын өз мекенине жиберет деген ойдон алысмын, азырынча алардын тагдыры эл аралык нормаларга ылайык чечилери гана айтылып жатат. Кандай болорун учуру келгенде көрөбүз да. Азыр алардын маселеси каралып жатат.

"Азаттык": Эгер өз мекенине кайтам деген ниетин билдирип, ал өлкөнүн жараны экенин далилдесе, андайлар мекенине жиберилет да, туурабы?

Кубанычбек: Албетте, эгер өз өлкөмө кетем, башка жактан башпаанек издебейм десе, аларды эч ким күч менен кармап турбайт. Баса белгилей кетчү нерсе – алардын бардыгынын тең “Ислам мамлекети” тобу менен байланышы болгон-болбогону текшерилет. Ал текшерүүдөн өткөндөн кийин жогоруда мен айткан процесс башталат. Анын бири – репатриация же өз өлкөсүнө кайтып баруу. Дипломатиялык каналдар аркылуу өткөрүп берүү ишке ашырылат. Ошол эле учурда адамдын эркине каршы өткөрүп берүү мүмкүн эместигин баса белгилейм.

"Азаттык": Силер күндө эл аралап жүрөсүңөр. Жергиликтүү тургундар ушул окуялардын бардыгына кандай карайт? Алар ким менен ким урушуп жатканын түшүнбөй деле калышты го?

Кубанычбек: Албетте, анткени ар кандай багыттагы түрдүү согуштук топтор бар. Жалпысынан эл күрт кошуундарына терең ишенет. Ошондой эле борбордук ирак армиясына дагы ишеним бар. Башка топторго болсо кооптонуу менен карашат. Ошол эле шииттердин атайын күчтөрүнөн чочулап, алар кайтып келсе кырдаал кайсы жагына өзгөрөт деп кооптонгондор дагы бар.

Жалпысынан айтканда эл согушка көнүп калгандай таасир калтырат. Бул жерде Саддам Хусейиндин бийлиги кулатылгандан бери эле чыр-чатак тыйылбай келатпайбы. Бир жагынан карасак эл мындай турмушка көнүп калгандай, экинчи жагынан эл уруштан чарчаган. Үчүнчүдөн, адамдар мурда болуп көрбөгөн азапты башынан өткөргөнүн айтышат. Саддам Хусейиндин заманынан бери жаңжалдардын эң кандуусун, каардуусун “Ислам мамлекетинен” көргөнүн белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG