Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

"Иним Сирияга кеткенден көрө түрмөдө жатсын..."


Батирхон Кавраков.
Батирхон Кавраков.

Тажикстанда Хатлон облусунун Дангар районунун Сирияга кеткени жаткан тургуну Батирхон Кавраков 12,5 жылга соттолду.

Аны укук коргоо органдарына бир тууган агасы Шохмурод карматкан. Агасынын Батирхон Сирияга согушка кеткенден көрө түрмөдө жатсын деген жүйөсүн ата-энеси баш болгон туугандары, айрым айылдаштары айыптап жатат. Ошол эле учурда Шохмурадды колдогондор да бар.

"Азаттыктын" тажик кызматынын билдиришинче, Батирхон Кавраков ушул жылдын башында Орусиядан айылына келгенде кармалган. Анын алдында бир тууган байкеси Шохмурод Кавраков айыл башчысына, милициянын тергөөчүлөрүнө иниси Орусияда "Ислам мамлекети" террордук уюмун даңазалап эле тим болбой, жердештерин Сирия менен Иракка согушка барууга үндөп жүргөнүн маалымдаган.

Шохмурод инисин коргоп калуунун мындан башка аргасы жок болгонун айтып кейип отурат:

- Инимдин Сирияга согушка кетейин деген ою бар экенин билгенден кийин жергиликтүү бийликке кайрылганга аргасыз болдум. Азыр мени апам, туугандарым, айылдаштарым бир тууганын сатты деп айыптап да жатат. Мен бул кылганыма эч өкүнбөйм. Мен Батирхонду террорчулукту даңазалаба, кишилерди азгырганыңды токтот деп далай жолу көндүргөнгө аракет кылдым. Мен инимди сактап калышым керек болчу, менин аны милицияга карматкандан башка аргам жок эле.

Шохмуроддун кесиби юрист, бирок азыр коон айдап, аны сатып тирилик кылат. Улуу баласынын кичүү уулун каматканына апасынын да жүрөгү сыздап ыйлап отурат. Шохмурод болсо канча бир убакыт өткөндөн кийин анын туура кылганын туугандары, иниси да түшүнөт го деп үмүттөнөт.

Батирхон Кавраковго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси - "экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу", "кылмыш тууралуу билдирбөө же аны жашыруу" жана "жалданмачылык" боюнча соттолду. Хатлон облустук соттун судьясы Гиёсиддин Мирзозода ​тергөөдө Батирхондун айыбы толугу менен далиденгенин айтууда:

- Батирхон Кавраков Москвада курулушта иштеп жүргөндө эки жердеши менен башка мекендештерин террордук уюмга кошулууга эки жылдан бери үгүттөп жүргөн. Ал Сирияга кетер алдында ата-энеси менен коштошкону келгенин да мойнуна алды. Батирхон классташы Нуриддин Кенжаев экөө агасы Шохмурод​ды Сирияга кетүүгө көндүрүүгө бир топ аракет жасашкан. Батирхон агасы армияда кызмат өтөгөндүктөн "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулса байкесине кызмат беришет деп ойлогон. Бирок Шохмурад "ал жакта эч качан жихад болгон эмес, мен өзүм да барбайм, силерге да барбагыла деп кеңеш берем" деп такыр ынаган эмес. Шохмурод​ Орусиядан келгенден кийин инисинин пландары тууралуу жергиликтүү бийликке маалымат берген. Батирхонду атайын кызмат менен прокуратура иликтей баштаган. Инисине козголгон кылмыш иши боюнча агасы Шохмурод​ сотто көрсөтмө берди.

"Ислам мамлекетине" кошулган деп соттолгондор.
"Ислам мамлекетине" кошулган деп соттолгондор.

​Расмий маалымат боюнча, 2015-жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуу үчүн Сирия менен Иракка 1100дөн ашуун тажик жараны кеткен. Алардын кеминде 300дөйү ажал тапкан.

Тажик бийликтери былтыр өз эрки менен 60 жаран кайтып келгенин, жаза тайганын мойнуна алганын маалымдаган. Алардын көбүнө Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренеси колдонулган. Тактап айтканда, бөтөн өлкөдөгү куралдуу жаңжалга, согушка катышуудан, куралдуу топторго кошулуудан өз эрки менен баш тартканы жана мындан башка кылмыш жасабагандыгы аныкталганы үчүн мындай кишилер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мыйзамдагы мындай чараны 2015-жылы тажик парламенти колдоп берген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG