Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Согушкерлердин үй-бүлөлөрү мекенине жиберилет


Ирактын түштүгүндөгү качкындар лагери
Ирактын түштүгүндөгү качкындар лагери

Иракта "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү деп шектелип кармалган бир жарым миңге чукул чет элдиктер үчүн атайын лагерь уюштурулду.

Мосул шаарынын түштүгүндөгү бул жайда балдар менен аялдар басымдуулук кылат. Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңештин өкүлү Мелани Маркхэм “Азаттыкка” лагердин иши тууралуу айтып берди.

Маркхэм: Ал жер чукул кырдаалга ылайыкташкан убактылуу жай, андагы адамдар чоң чатырларда баш калкалашат. Ал жерге үзгүлтүксүз таза суу берилет, андагы кармалгандар тамак-аш менен камсыздалган. Ошондой эле дааратканалар да бар. Болжол менен бир жарым миңге чукул киши турат.

"Азаттык":​ Кайсы өлкөлөрдөн экенин биле алдыңызбы? Буга чейинки маалыматтарда алардын көбү Орусиянын, Түркиянын, Азербайжандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары экени айтылды эле.

Маркхэм: Алар ар кайсы өлкөдөн келгендер. Ал жерде орусча сүйлөгөндөр бар. Түркиянын юрисдикциясындагы балдар жана аялдар бар. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары дагы бар. Кайсы өлкөдөн канча киши бар экенин айта албайм, Тажикстандан ондой киши болушу мүмкүн.

Мелани Маркхэм
Мелани Маркхэм

"Азаттык": Лагердеги балдардын жашы канчада?

Маркхэм: Балдардын жашы ар кандай, ымыркайлардан тарта өспүрүмдөргө чейин жүрүшөт. Ымыркай балдарга атайын даярдалган жасалма сүт бар, ошондой ал жерде медициналык клиника бар. Ооруп калган же ден соолугу начар балдар ошол жерден жардам ала алышат. Алар атайын оорукана менен байланышат, ооруканада болсо төрөт үйү, балдардын бөлүмү бар.

"Азаттык": Бул лагерь кимдин жоопкерчилиги алдында турат? Ирак өкмөтү карайбы же эл аралык уюмдардын карамагындабы?

Маркхэм: Ушул тапта бул жай толук ирак өкмөтүнүн карамагында. Ирактын атайын мекемелери ал жердеги адамдарга ысык тамак берет. Лагердин ичинде аялдар балдарды карашат, ал жерде жетим балдар же кароосуз калгандар бар деп айта албайм. Ал жердеги бир гана кыйынчылык – тил билбегендик. Анткени ар ким ар кайсы тилде сүйлөшөт. Бул жердеги расмий тилдер араб жана күрт тилдери, лагердеги аялдардын аз-мазы гана жергиликтүү тилдерде сүйлөй алышат.

"Азаттык": Бул аялдар менен балдар качан, кайсы жерде колго түшкөнү тууралуу маалымат барбы?

Маркхэм: Бул аялдар менен балдар Тал-Афар шаарынан колго түшкөн. Алардын күйөөлөрү эмне болгону тууралуу эч кандай маалыматым жок. Кээ бир аялдар күйөөлөрү жаңжалда өлтүрүлгөнүн айтып беришкен. Айрымдары күйөөлөрү эмне болгонун, кайда кетишкенин билбейт. Лагердегилердин басымдуу көпчүлүгү аялдар менен балдар. Алардын көбү бул жерге 30-августта жеткирилген.

"Азаттык": Эми лагерде кармалгандардын келечеги кандай болот? Алардын тек жайы такталгандан кийин өз мекенине жөнөтүлөбү же башка жолдор барбы?

Маркхэм: Бул ирак бийликтеринин милдети болуп саналат. Алардын тек жайын аныктоо жана тиешелүү элчиликтер менен байланышуу процесси башталды. Лагерде түрдүү улуттар, ар кайсы өлкөнүн жарандары жаткандыктан бул процесс бир топко созулушу мүмкүн. Ошондой эле алардын саны дагы арбын экенин эске алалы.

Бизде болсо алардын ким экени, кайсы өлкөнүн жарандары тууралуу маалымат жок. Мындай маалыматтарды бийликтер жашыруун кармашат.

Туугандарын же жакындарын издегендер болсо Эл аралык кызыл чырым уюму менен байланышканы оң. Эгер алардын туугандары бул лагерде болсо анда ошол уюм табышканга жардам берет, бул багытта иштеген алардын атайын долбоору бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG